Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Кара-Балтада Жол кайгуул кызматынын унаалары кырсыкка кабылды


Кара-Балта шаарында бүгүн эки МАИ унаасы аварияга кабылды. Жумуш боюнча бараткан машинелер “Фольксваген Пассат” унаасы менен кагылышып кеткен. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

Окуяны Жайыл райондук милициясы териштирип жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, ден соолугунан олуттуу жаракат алгандар жана каза болгондор жок. Бирок машинелер жабыркаган. (SE)

XS
SM
MD
LG