Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:55

Шайлоо боюнча түшкөн арыздарды сот канааттандырган жок


Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун жүрүшүнө нааразылык билдирген жарандардан жана уюмдардан Борбордук шайлоо комиссиясына 31 арыз түштү. Анын ичинен 6 даттануу сотко өткөрүлдү, бирок сот аларды канааттандырган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди:

-Алты арыздын төртөө каралып, бирок даттануучулардын талабы канааттандырылган жок. Дагы эки даттануу кароосуз калды. Арыз-даттануулардын басымдуу бөлүгү тизмелерге байланыштуу. Биометрикалык маалыматын тапшырып туруп, тизмеге кирбей калгандар бар. Алардын арызын Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрдүк.

Ошондой эле “Азаттык” партиясы шайлоо учурунда бийликчил партиялар элди ташып, добуш сатып алганы тууралуу фактыларды жана башка бир катар мыйзам бузууларды БШКга сунуштаган. Аны Ички иштер министрлиги териштирмей болду.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өттү. Анда 14 партия ат салышып, алтоо жеңишке жетти. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG