Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:07

Ошто окуучу карындашын ажатканадан сууруп чыкты


Ош шаарындагы №52 "Кыргыз-түрк достугу" атындагы таланттуу балдар мектебинин 2-классынын окуучусу Байзат Эргешов карындашы Салиха Эргешова өзүнүн үйүндөгү ажатканага түшүп кеткен жеринен куткарып калган. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Мугалимдер билдиргендей, ажаткана жылчыгына куткаруучулар батпагандыктан Байзат белине аркан байлап түшүүгө макул болгон. Куткаруучулар оозун кеңейткиче, ал эки жарым жашар карындашын жарым саат асылган абалда кармап турган. Натыйжада карындашын аман-соо куткарып чыгышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Байзат Эргешов окуган мектепке келип ага Ардак баракчасын тапшырып кетишти.

Өткөн жылы да Ош шаарынын мектептеринин биринде окуган 8 окуучу 4 жаштагы баланы сууга агып бараткан жеринен куткарып чыгышкан эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG