Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:08

Кыргыз-тажик футбол беттешиндеги тартипти 4,5 миң кызматкер көзөмөлдөйт


Кыргыз-тажик футболчуларынын беттеши. 2013-жыл

Кыргыз-тажик футболчуларынын беттеши. 2013-жыл

Кыргызстан-Тажикстан футбол беттешинде коопсуздукту 4,5 миңден ашык тартип кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкармалыгынын жетекчи орун басары Турсунбек Чалов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, стадионго 3500ден ашуун милиция жана миңге жакын жоокер көзөмөл салат. 16-июндагы Кыргызстан-Австралия беттешиндегидей башаламандык болбошу үчүн көк майсаң тегереги үч жерден: стадиондун тегереги, эл кире турган аймактар жана Чүй - Тоголок Молдо, Фрунзе – Панфилов, Тоголок Молдо - Фрунзе көчөлөрү менен кесилишкен жерлер толук курчалат.

Бүгүн, 8-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2018-жылы боло турган дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында Тажикстандын улуттук курамасы менен беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки 8де башталат. Мелдеш үчүн 18 миң билет даярдалган. Баасы 150 сомдон 700гө чейин сатылууда.(UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG