Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

Ош аба майданында коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Ош эл аралык аба майданында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, жүргүнчү катары катталбаган адамдарды аба майдандын имаратына киргизүүнү токтотту. Бул тууралуу аталган мекеме жетекчисинин орунбасары Азамат Калмурзаев билдирди.

Учурда тышкы жана ички каттамдар боюнча учууга келген жүргүнчүлөрдүн документтери аэропорт имаратынан 30 метрдей алыста курулган тосмодон текшерилип жатат. Жакын арада ал тосмолордин эшиктери темир издегич сыяктуу жабдуулар менен камсыздалат.

Учурда Ош аба майданы ай сайын жүз миңге чукул жүргүнчүнү кабыл алып узатып турат. Жүргүнчүлөр саны көбөйгөндүктөн имарат ичине адам батпай алган учурлар көп. Аба майдан 1973-жылы курулган. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG