Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

АКШ: Орусия авиачабуулунун ондон бири гана ИМге тийүүдө


АКШ мамдепартаменти Орусиянын Сирияда жасаган аба соккуларынын 90 пайыздан ашууну “Ислам мамлекети” согушкерлерине эмес, Асаддын режимин колдобогондорго багытталууда.

Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Жон Кирби “Орусиянын авиасоккулары Сириянын жаркын келечеги үчүн Асадга каршы чыккандарды бутага алууда” деп билдирди. Ал Орусия өз элин азапка салган Асад режимин колдоо менен олуттуу ката кетирип, опурталдуу саясат жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Орус аскерий учактары 30-сентябрдан тарта Сирияда аба соккуларын ура баштаган. Кремл муну “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшкөн Сирия аскерлерине колдоо катары сыпаттап келет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG