Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

Алайда беш жүздөй кожолук таза суусуз калды


Бул тууралуу Алай районунун Арпа-Тектир айылынын башчысы Курстан Пасаңов “Азаттыкка” билдирди. Бир нече жыл мурда аталган кыштакта 65 метр тереңдиктен кудук казылып, тургундар ошондон суу алып ичишчү. Бир жылдан бери андагы суу шор даамданып, ичүүгө мүмкүн болбой калды. Ошондон улам конуштагы 455 үй-бүлө таза сууга жетпей олтурат.

Пасаңов белгилегендей, айылдыктар бир нече чакырым жол басып дарыядан суу ташып келүүдө. Бирок дарыя суусу да таза эместигин айтышууда.

Район акими Таалай Сарыбашев аталган кыштакка суу тартуу үчүн каражат изделип жатканын билдирди.

Алайда 14 айыл өкмөт, 62 айыл бар. Кыштактардын көбүндө таза суу маселеси чечиле элек. Район дотацияда болгондуктан бул көйгөйдү бийлик жергиликтүү деңгээлде чече албай келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG