Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

БШК Жолдошеванын айыптоосун четке какты


Борбордук шайлоо комиссиясы Жылдызкан Жолдошеванын добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча айткандарын четке какты. БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева саясатчылар ушак-айың кептерге көңүл бурардан мурда жагдайды иликтеп чыкканы дурус болмок, деген ойду “Азаттыкка” билдирди.

Жылдызкан Жолдошева электрондошкон урналарга добуштарды белгилүү партиялар үчүн аныктоо ыкмасы киргизилгени, анын натыйжасында башка партияларды добуштары аз көрсөтүлгөнү тууралуу айткан эле.

-Жылдызкан Жолдошева бул маселени коомчулукка жарыялардан мурда Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылса болмок. Биз баарын түшүндүрүп берет элек. Добуштар автоматташтырылган урналардагы эсептен сырткары, атайын да саналып, кагаздагы документке да түшүрүлгөн,- деди Журабаева.

Жылдызкан Жолдошева парламенттик шайлоого “Аалам” партиясы менен барган. Бирок ал партия маарага жеткен эмес.

4-октябрда өткөн шайлоодо 14 партия ат салышып, алтоо жеңишке жетти. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG