Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

Ципрас грек парламентинде ишеним добушуна ээ болду


Грекиянын өкмөт башчысы Алексис Ципрас 8-октябрда парламенттин ишеним добушуна жетишти.

Ал 2019-жылга чейин жакырларга колдоо көрсөтүп, өлкөнү каржылык кризистен чыгаруу үчүн чукул чараларды көрөм, деп убада берүүдө.

Ципрастын өкмөтүн 300 депутаттын 155и колдоду. Оппозиция мүчөлөрүнүн баары “каршы” добушун беришти.

Грекияда өткөн 20-сентябрдагы кезексиз парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Алексис Ципрастын СИРИЗА партиясы утуп чыккан. Алдын-ала жыйынтыктар боюнча СИРИЗА партиясын добуш берүүгө келгендердин 35,5 пайызы колдогон.

Ал азыр экономикалык кыйынчылыктардын баарын жеңип, 86 миллиард евролук кризистен төрт жылдын ичинде өлкөнү чыгарып, салык системасын жөнгө салуу аракетине киришерин айтууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG