Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

Анжиянда 5-класстын окуучусу зордукталды


Өзбекстандын Анжиян облусунун Балыкчы районунда мурда соттолгон 36 жаштагы жаран 5-класста окуган секелекти зордуктап, катуу сабаган. Дарыгерлер жарым жан кызды сактап калышты. Кылмышка шектүү кармалып азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Окуя 17-сентябрда Алимбек кыштагында болгон. Латифжон аттуу мурда соттолгон 36 жаштагы киши мас абалында секелекти зордуктап, сабап качып кеткенин “Азаттыктын” өзбек кызматына райондогу атын атагысы келбеген тургундар билдиришкен.

Акыркы мезгилде Өзбекстанда жаш кыздарды зордуктоо көбөйө баштады. 19-майда 9 жаштагы кыз зордукталып өлтүрүлсө, 27-июлда 63 жаштагы дыйкан 17 жашар кызды зордуктаган. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG