Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Парламенттин бешинчи чакырылышы эмки жума ишмердигин токтотот


Жогорку Кеңештин бешиничи чакырылышын 15-октябрда ишин расмий түрдө токтотот. Ошол күнү парламентте жабылуу аземи болот. Бул тууралуу мыйзам чыгаруу органынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мөөнөтү аяктаган Жогорку Кеңештин курамы 2010-жылы шайланган. Беш жыл ичинде парламент 374 жыйын өткөрүп, 1140 мыйзам кабыл алган. Депутаттарга жарандардан 64 миңден ашуун кат келген. Басымдуу бөлүгү мыйзамдуулук, укук тартибин камсыз кылуу, социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо жана турак жай менен камсыздоо маселелери боюнча кайрылышкан.

Беш жыл ичинде Жогорку Кеңеште 15ке жакын депутатка кылмыш иши козголду. Алардын айрымдары соттолуп, кээ бири өлкөдөн чыгып кетишти. Айрымдары кол тийбестигине таянып, жоопко тартылган жок.

Бул курамдагы депутаттардын көбү VI чакырылышка кайра депутат болуп келатат. (SE)

XS
SM
MD
LG