Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:04

Ош эл аралык аба майданынын унаа токтогуч жайы дагы 300 орунга кеңейтилет. Бул тууралуу аталган мекеме жетекчисинин орунбасары Азамат Калмурзаев билдирди. Унаалар батпай жолго чейин чыгып жаткандыктан, өкмөттүн чечими менен кошумча 1 гектар жер алынган.

Ош аба майданынын буга чейинки унаа токтоочу жайы 200 гана машинеге ылайыкташкан.

Аба майдандын аймагы 1963-жылы курулгандан бери кеңейтилген эмес.

Аба майдандан күн сайын Бишкекке, Орусияга, Түркияга, Дубайга жана Кытайга каттамдар аткарылат. Ай сайын жүз миңдин тегерегинде жүргүнчү тейленет. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG