Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Жалал-Абадда республикалык спартакиада башталды


Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы стадиондо бүгүн республикалык 7-спартакиаданын ачылышы болду. Таймаштар 14-октябрга чейин Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларында жана Токтогул шаарчаларында өтөт.

Мелдешке 2000ге чукул спортчу катышат. Алар спорттун 13 түрү боюнча өлкө биринчилиги үчүн ат салышат.

Ачылышка барган премьер-министр Темир Сариев байге фондуна өкмөт 1 миллион сом бөлгөнүн айтты.

Спартакиада төрт жылда бир өтөт.

Расмий маалыматтар боюнча, быйыл өлкө аймагында 15 спорт залы жана 1 спорт комплекси ишке берилди. (RsK)

XS
SM
MD
LG