Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Эл аралык кылмыш соту Түштүк Осетиядагы кагылышууларды иликтейт


Эл аралык кылмыш соту 2008-жылы Орусия менен Грузиянын аскерлери ортосунда болгон кагылышууларда адамзатка каршы кылмыштын далилдери болушу ыктымал деп, кайрадан карап чыкмай болду.

Аталган соттун билдирүүсүндө анын төрайымы Фату Бенсуда Грузиянын аймагындагы Түштүк Осетияны Орусия көз карандысыз мамлекет деп тааныганга чейинки беш күндүн ичинде кылмыш иштери болгонуна ишенүүгө негиздүү себептер бар дейт.

Атайын иликтөөнү ачуу талабы менен Бенсуда Гаага трибуналына кайрылды.

Гаага соту 2014-жылдын март айында Украинанын аймагына кирген орусиялык аскер күчтөрүнө байланыштуу кылмыш ишин ачууга белсенип жаткан эле.

2008-жылдагы аскердик кагылышуулардан жүздөгөн кишилер каза болуп, миңдеген адамдар үйлөрүн таштап качкан. Human Rights Watch уюму орус жана грузин тараптардын экөө тең бирдей кылмыш кылды деген тыянагын 2009-жылы чыгарган. (BCh)

XS
SM
MD
LG