Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Bellingcat: Украинада кулаган учак орус ракетасынан атылган


Эл аралык Bellingcat изилдөөчү тобу Украинанын чыгышында кыйраган “Боинг” учагы тууралуу отчетун жарыялады.

"2014-жылдын жайында кыйраган учак орусиялык “Бук” системасындагы ракета менен атылган. “Бук” системасы Курсктун алдындагы 52-зениттик-ракеталык бригадасына таандык. Учак кыйраган 2014-жылдын 17-июлунда система Донецк облусунун Снежное шаарынын түштүгүндө турган. 18-июль күнү эртең менен “Букту” Луганск облусуна алып барышып, андан ары Украина менен Орусиянын чек арасына жеткиришкен", - деп маалымдалат отчетто.

Аба кырсыгынан Амстердамдан Куала-Лумпурга учуп бара жаткан 298 адам мерт кеткен. Алардын көбү нидерланиялыктар эле.

Орус бийлиги “Боингди” украиналык аскер күчтөрү аткылашы мүмкүн деп айтып келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG