Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:37

Тель-Авивде аскерий кеңсенин жанында төрт киши өлтүрүлдү


Тель-Авивде 8-октябрь күнү шаардагы аскерий кеңсенин жанынан Израилдин бир аскер кызматкери жана үч киши палестиналыктар тарабынан өлтүрүлгөнү маалым болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. Адамдарга кол салган ал палестиналык израил аскеринин колунан ажал тапты.

Израилдин атуулдарына багытталып, өздөрүн “Жалгыз бөрү” деп атап алган палестиналык топтун чабуулу күчөп баратканы өлкө бийлигин тынчсыздандырууда.

Иерусалимдин шаар башчысы атуулдарды куралы бар болсо жанына сала жүрүүгө чакырды. Тель-Авивдеги кол салууга удаа эле жөөттөрдүн Кирьят-Арба кыштагында палестиналык бир адамды жарадар кылган.

Андан бир саат мурда да Иерусалимде жөөт студентти бычактап жарадар кылып кеткен. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG