Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Футбол: Биринчи тайм Кыргызстандын жеңиши менен аяктады


Ушул сааттарда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жаткан Кыргызстан менен Тажикстандын футбол беттешинин биринчи - 45 мүнөттүк бөлүгү аяктады. Футболчулар 15 мүнөттүк тыныгуу алышты.

Оюндун биринчи бөлүгүндө кыргыз футболчулары үстөмдүгүн көрсөтүп, оюн эсебин ача алышты. Атап айтканда, Кыргызстандын оюнчусу Бактияр Дүйшөбеков оюн жаңы башталган жетинчи мүнөттө Тажикстан командасынын дарбазасына бир гол киргизди.

Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары 2018-жылы боло турган дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында ойношууда.

Жалпы футбол тарыхында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары 11 - жолу беттешдө. Буга чейинки 10 таймашта Кыргызстан 2 жолу жеңип, 1 жолу тең ойноп, 7 жолу утулган.

XS
SM
MD
LG