Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Футбол: Кыргызстан-Тажикстан оюну учурунда жарык өчтү


Кыргызстан менен Тажикстандын командалары беттешип жаткан учурда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун чыгыш тарабындагы прожекторлордун бири иштебей калды.

Стадиондо жарык 3-4 мүнөткө чукул өчүп, кайра күйдү. Жалпысынан оюндун жүрүшү учурунда 4 прожектор стадиондун туш тарабына жарык берип жаткан.

Бишкектеги беттешүүнү көрүш үчүн 18 миңге чукул билет сатылган. Стадиондогу орундуктар азыр толук экенин “Азаттыктын” кабарчылары билдиришти.

Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары 2018-жылы боло турган дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында ойношууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG