Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Түркияда “Ислам мамлекети” тобунун мүчөсү деп шектелген 6 адам кармалды


Түркия бийлиги “Ислам мемлекети” экстремисттик уюму үчүн тыйындарды басып чыгарып жаткан жеринен алты адамды камакка алды. Алар аталган уюмдун мүчөсү деп шектелүүдө.

Сирия менен чектешкен Түркиянын Газиантеп аймагынын бийлик өкүлдөрү 7-октябрь күнү тыйын чыгарган жабдуулардын да табылганын кабарлашты.

Шектүүлөр атуулдугу такталбаган чет элдиктер болуп чыгышты.

Аларды колго түшүрүү учурунда ар кандай өлчөмдөгү 56 тыйын да табылган. Буга чейин “Ислам мамлекети” тобу өзүнүн акчасын чыгарат деген маалыматтар айтылып келген.

Түркиянын аймагында бул топтун мүчөлөрү деп шектелген бир топ адамдарды камакка алууну уланууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG