Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

CNN: Орусиянын 4 ракетасы Иранга кулады


Каспий деңизинен Сирияга атылган Орусиянын бир нече ракетасы Иранда кулап түштү. Бул тууралуу Вашингтон расмий булактарына таянып, Си-Эн-Эн телеканалы жарыя кылды.

Маалыматка ылайык, орустардын төрт ракетасы Ирандын үстүнөн учуп баратканда кырсыкка учураган. Кулаган ракеталардан канча адам набыт болгондугу тууралуу азырынча так маалымат жок. Орусия бул маалыматты төгүндөөдө.

Шаршембиде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 26 ракета тең Сириядагы “Ислам мамлекети” согушчандарына түз тийгенин, жай тургундарга зыян келбегенин маалымдаган. АКШ баштаган коалиция Орусиянын авиачабуулдары экстремисттерге эмес, Башар Асад режиминин каршылаштарына багытталып жатканын сындап келет.

XS
SM
MD
LG