Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Арменияда референдум 6-декабрга белгиленди


Армения президенти Серж Саргсян өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртүүнү көздөгөн референдумду 6-декабрга белгиледи. Армениянын парламенти референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, парламенттик системага өтүү демилгесин колдогон. Добуш берүүдө 103 депутат реформаларды колдосо, 10 киши каршы болуп, үчөө арсар калган.

Долбоорго ылайык, президенттин ыйгарым укуктары парламентке өткөрүлөт жана президентти жалпы эл эмес, парламент шайламакчы. Ошондой эле президенттин мөөнөтүн 5 жылдан 7 жылга чейин узартуу сунушталууда. Оппозициянын жүздөгөн активисттери Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы нааразылыгын билдирип келишүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG