Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Порошенко Назарбаев менен Астанада жолугат


Украина президенти Петр Порошенко бүгүн, 9-октябрда казак эл башы Нурсултан Назарбаев менен Астанада жолугат. Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланып, эл аралык саясат боюнча пикир алмашуу болот.

Порошенко менен Назарбаев акыркы жолу өткөн жылдын 22-декабрында Киевде жолугушкан. Андан бери бир нече ирет телефондо сүйлөшкөн.

Нурсултан Назарбаев Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлоо керек, деп Орусияга каршы Крым боюнча ачык пикирин билдирген. Анткен менен, казактын окуу китептеринде Крым Орусиянын субъекти деп көрсөтүлгөн. Бул боюнча Украина Тышкы иштер министрлиги Астанага нааразылык нотасын жиберген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG