Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Баткенде жол кырсыгынан бир киши курман болду


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, 8-октябрда түнкү саат ондон 25 мүнөт өткөндө Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 116-чакырымында “Хундай Портер” унаасы катуу ылдамдыкта баратып, КамАЗ автоунаасын артынан сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен “Хундай Портер” унаасынын айдоочусу Абдыманап Токтобаев каза болду. Куткаруучулар сөөктү унаадан чыгарып райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аркылуу туугандарына өткөрүп беришти.

Ички иштер министрлигинин маалыматында быйыл жети ай аралыгында 3700дөн ашуун жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 547 киши каза болуп, 5,5 миңге жакын киши ар кандай жарат алган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG