Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

Ош облусунда 145 имам аттестациядан өттү


Ош облусунда жума намаз окулган 145 мечиттин имамы муфтияттан аттестациядан өтүп, стипендия ала баштады. Бул тууралуу облустук казыяттан билдиришти. Алар кабарлагандай, дагы эл көп келген чоң 37 мечиттин молдолорунун билимдери текшерилет.

Ал эми жума намаздары окулбаган 300дөй мечиттин имамы документтерин тапшырган, бирок, алар аттестациядан качан өтөрү белгисиз. Ош облусунда жалпы 722 мечит бар.

Буга чейин Ош аймагындагы диниятчылар аттестация Бишкекте уюштурулуп жатканына байланыштуу ага барып келүүдө жол акыдан кыйналып жатышканын айтышкан.

Аттестациядан өткөн имамдарга “Ыйман” фонду аркылуу ай сайын 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин стипендия берилет. (ErN)

XS
SM
MD
LG