Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:28

Кыргызстанда жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдүн саны азайды


Мындай маалыматты Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев БУУнун Дүйнөлүк азык түлүк программасынын өкүлдөрү менен 2017-2022-жылдарга карата кыргызстандыктарды жакырчылыктан чыгаруу маселесин талкуулоо учурунда билдирди.

Министрдин айтуусунда, жыл башында жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдүн саны 310 миңге жетсе, жыл ичинде 13 миңге кыскарып, азыр 297 миң киши мамлекеттик колдоого муктаж. Ушу тапта БУУ менен “Азык-түлүктү эмгекке алмашуу” долбоору ишке ашырылууда, ага 220 миң киши - 42 миң үй-бүлө камтылган.

"Жарандар көпүрө, жолдорду оңдоп, айылдарында көчөт олтургузушат. Тигүүчүлүк, тамак-аш, балык өстүрүү боюнча курсту окугандар өз ишканаларын ачып, айрымдары жөлөк пул албай калышты”, -дейт министр.

БУУнун өкүлдөрү элди жакырчылыктан чыгарууга багытталган бул механизм Бангладеш, Индия, Перуда ишке ашырылганын белгилешти. Программа боюнча жарандар акчаны үнөмдөп, аны туура пайдалануу, бизнес-план иштеп чыгып, аны ишке ашыруу боюнча тренингдерден өткөрүшөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG