Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:48

Ошто ит атардын огу адамга тийди


Бул тууралуу Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. “Ош-тазалык” ишканасынын 43 жаштагы мергенчиси 8-октябрь күнү шаар ичиндеги жана калаа жакасындагы жолбун иттерди атып жүргөн. Кара-Суу районунун Нариман айылындагы иттердин бирин атканда мылтыктын огу ташка тийип кайып, ошол жердеги 45 жаштагы тургундун башына тийген.

Жабырлануучу учурда бейтапканада. Дарыгерлер анын абалын орто деп баалашууда. Учурда окуя боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Мергенчинин колунда ишканага таандык 22 калибрлүү «Марлин» үлгүсүндөгү курал болгон.

Өткөн жылы да ушул эле ишкананын мергенчиси Ош шаарынын 40 жаштагы тургунун атып алган. Анда да мылтыктын огу кайып барып, көчөдөгү адамдын тизесине тийгени айтылган. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG