Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:13

Бишкекте 35 жолу уурулук кылган топ кармалды


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кабарлашынча, сентябрь айынын соңунда колго түшкөн үч жаран Бишкекте үйлөрдүн кулпусун же пластикалык терезелерин бузуп кирип, уурдалган буюмдарды базарга сатып жүрүшкөн.

Издөө иштеринин жыйынтыгында алардын жанынан үч ноутбук, үч сыналгы, 10 чөнтөк телефон , 5 фотоаппарат, 1 видеокамера, 2 үтүк жана ар кандай 30 даана зер буюмдар табылган. Алардын бири 35 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну буга чейин уурулук, зордуктоо боюнча соттолуп, түрмөдөн качып чыкканы белгилүү болду. Уурулукка шектелгендердин экинчиси Ош облусунун Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну, мурда 6 жолу уурулук кылганы үчүн соттолгон. 30 жаштагы “Дордой” жаңы конушунун тургуну болсо, каракталган буюм-тайымдарды машинесине салып, базарга ташып жүргөн. Кармалгандардын экөө тергөө абагына камалды.

Укук коргоо органдары бул уурулардан жабыркаган жарандарды 0557 770177, 0557 05 03 03 номурлары аркылуу байланышууга чакырат. (AzK)

XS
SM
MD
LG