Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Орусиянын соккуларына карабай Сириядагы жихадчылар алга жылууда


Сириядагы антиөкмөтчүл активисттердин айтымында, "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлери Алеппо шаарынын айланасындагы бир нече айыл-кыштакты ээлеп алышты. Сириядагы адам укуктарынын абалына байкоо жүргүзгөн Лондондогу уюмдун өкүлдөрү жихадчылар бейшемби күнү президент Башар Асадга каршы күрөшкөн башка козголоңчул топтордон Тель-Сусин жана Тель-Карах деген жерлерди кайтарып алышканын билдиришти.

Согушкерлер Орусиянын аба соккуларына карабай, мындай ийгиликке жетишкени баса белгиленүүдө. Уюмдун жетекчиси Рами Абдулрахман орус учактары урган соккулардын 10 проценти гана “Ислам мамлекетинин” буталарына тийип жатканын кошумчалады.

Ал ортодо Франциянын коргоо министри Жан-Ив Ле Дриан жумага караган түнү франциялык эки учак радикалдардын турумдарына чабуул коюшканын билдирди. Министрдин ырастоосунда, Орусиянын аба соккуларынын 80-90 проценти Башар Асаддын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

XS
SM
MD
LG