Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Евробиримдик Беларуска киргизилген санкцияларды алышы мүмкүн


Европа биримдиги Беларуска, анын ичинде президент Александр Лукашенкого каршы санкцияларды убактылуу токтотушу ыктымал. Чечим 11-октябрдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө жараша кабыл алынмакчы.

Банк эсептерин тоңдуруу жана виза бербөө өңдүү жазалоочу чаралар 4 айга алынып салынары күтүлүүдө.

Брюсселдин “кара тизмесине” 201 киши жана 18 компания киргизилген. Биримдик мындай кадамга августтун соңунда Минскиде 8 саясий туткун бошотулгандан кийин барып отурат. Ошондой эле Беларустун Украинадагы жаңжалды жөнгө салуудагы позитивдүү ролу эске алынды. Бирок, маалыматтарга караганда, айрым адамдарга жана компанияларга карата санкциялар, ошондой эле курал эмбаргосу кала бермекчи.

XS
SM
MD
LG