Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 07:08

Аксакалдар соту Ноокатта 15 жубайды ажырашуудан сактап калды


Бул тууралуу Ноокат райондук милициясынан кабарлашты. Жыл башынан бери аймактык ички иштер башкармалыгына ажырашууну каалаган жана үй-бүлөлүк чырга байланыштуу 30дан ашык тургундар арыз менен кайрылган. Алардын жарымы ишти милициянын кароосу менен чечүүнү кааласа, калган 15 үй-бүлө аксакалдар сотунун кийлигишүүсү менен ажырашкан жок.

Урушуп алып арыз менен кайрылган жубайлардын көбү жаш үй-бүлөлөр. Алар турмуштук жетишпестиктерге, кайын эне - кайын ата маселесине байланыштуу чатакташкандар. Ички иштер кызматынан билдиришкендей, күйөөсү Орусияда, Казакстанга миграцияда жүрүп же тескерисинче аялы сыртта жүргөн үйлөрдө ажырашуу көп орун алууда.

Кара-Суу районунун Агартуу айылынын башчысы Жакыпбек Акышев да буга чейин иштеген бир жыл убакытта эле кыштакта ажырашкан 16 жубайды жараштырууга жетишкен. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG