Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

Кандагарда 100 чакты талип согушкери жок кылынды


Ооганстандын күч түзүмдөрү түштүктөгү Кандагар провинциясында жүргүзүлгөн атайын операцияда талиптердин 100 чакты согушкери жок кылынып, 50гө жакыны жарадар болгонун кабарлашты. Аймактык полиция бөлүмүнү маалымат катчысы Зиа Дурранинин айтымында, операция жумага караган түнү ондогон согушкер кошуна Пакистандан кирип келгенде башталган. "Чалгындоо кызматы жоочулардын чек арадан өтүп жатканы жөнүндө маалымдашкан", - деген Дуррани операциянын жүрүшүндө согушкерлерге таандык ондогон мотоцикл жана башка унаа, жардыргыч заттар, жабдуулар талкаланганын кошумчалады. Ооган күчтөрүнө НАТО абадан жардам берип турду. Тартип коргоо органдары жоготууларга учурабаганы маалымдалды. Талибан азырынча эч кандай комментарий жасай элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG