Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

"Кыргызнефтегаз" ишканасы кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачты


Кочкор-Ата шаарында аталган ишкана тарабынан 180 балага ылайыкташкан “Колокольчик” аталышындагы бала бакчасы пайдаланууга берилди.

Бул тууралуу мекеменин кесиптик кошуунунун төрагасы Акынбек Райымкулов “Азаттыкка” билдирди. “Кыргызнефтегаз” ишканасында союз таркаганга чейин беш бала бакча иштеген. Өлкө эгемендүүлүк алган соң анын үчөө мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, эки гана бакча кызматкерлердин балдары үчүн иштеп жаткан. Бала бакчага 400дөн ашык кызматкердин балдары кезекте турган.

Бала бакчанын курулушуна ишкана тарабынан 25 млн. сом каражат сарпталган. Орус тилдүү бала бакчасында мекемеде эмгектенген кызматкерлердин жана 10% шаардагы мамлекеттик кызматкерлердин балдары тарбияланат. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG