Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:36

Атайын операция учурунда талкаланган үйлөрдүн курулушу аяктады


Операция учурунда талкаланган үй. 17-июль, 2015-жыл

Операция учурунда талкаланган үй. 17-июль, 2015-жыл

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын операциясы учурунда жабыркаган беш үйдүн курулушу бүттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди. Жакынкы күндөрү үйлөр өз ээлерине тапшырылат.

Маалыматка ылайык, үйлөрдү куруу иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жүргүзүп, ага президенттин социалдык коргоо жана калкты колдоо фонду тарабынан беш миллион сом бөлүнгөн.

16-июлда Бишкектин Анкара жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук операциясы жүргүзүлгөн. Атайын кызмат "Ислам мамлекети" террордук тобуна катыштыгы бар адамдар кармалды, экөө жок кылынды деп маалымдаган. Бирок кийин кылмышка шектүүлөрдүн жакындары алардын террорчулукка тиешеси болбогонун айтып, күч кызматкерлерин айыптаган. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG