Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

Анкарада жарылуу болду


Анкара. 10-сентябрь
Анкара. 10-сентябрь

Анкарада бүгүн борбордук темир жол бекетине жакын жерде кош жарылуу болуп, 30дай адам каза таап, жүзгө жакыны жарадар болду. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыкты.

Түрк бийлиги окуяны жанкечти жасаган теракт деп атады.

Жарылуу болгон жерде бүгүн солчул партиялар Түркиянын түштүк-чыгышында күч түзүмдөрү менен күрт жикчилеринин ортосундагы куралдуу жаңжалды токтотууга чакырган тынчтык маршын өткөрмөк.

Түрк аба күчтөрү 25-июлда Ирактын түштүгүндөгү Күрдистан жумушчу партиясынын базаларына чабуул койгон. Мындан кийин аталган партия Анкара менен эки жыл мурда жетишилген тынчтык бузулганын жарыялаган. Түрк бийлиги Күрдистан жумушчу партиясын сепаратизмге айыптап келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG