Бул тууралуу парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен Социал-демократтар партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди.
- Учурда коалиция түзүү боюнча конкретүү партиялардын атын атай элекпиз. Бирок бардык партия лидерлери менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Биз ар кандай вариантта коалиция түзүүгө даярбыз, – деди Турсунбеков
Буга чейин Чыныбай Турсунбеков коалиция түзүү мандаты КСДПга берилерине ишенерин билдирген. Кечээ, 9-октябрда айрым интернет сайттары жеке булактарга таянып коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү аяктаганын жазып чыккан. Анда КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Ата Мекен", партиялары коалиция курап, "Республика Ата-Журт" жана "Бир Бол" партиялары оппозицияда калары маалымдалган.
Алдын ала маалымат боюнча, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо алты партия 7% босогодон өтүп, сынактан утуп чыгышкан. Алар: КСДП, “Республика - Ата Журт”,“Кыргызстан”, “Өнүгүү - Прогресс”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен”. (TSh)