Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

АКШ Израил менен Палестинанын эрегишин айыптады


АКШнын мамдепартаментинин маалымат катчысы Жон Кирби палестиналыктардын Израилге чабуулун “террордук акт” деп атады. Учурда АКШ эки тарапты тең тынчтыкты сактоого чакырып, эки жааттагы зордук-зомбулукту айыптап жатат.

Бир жума мурун тутанган башаламандык Газа секторуна чейин тарады. 9-октябрда эки тараптын кагылышуусунда Израилдин аскерлери алты палестиналык жаранды өлтүргөн. Кагылышуу Палестинанын ХАМАС ислам согушчандар тобуна таандык аймактан израилдин аскерлерине өрттөнгөн дөңгөлөктөр ыргытылганда башталган эле.

Ал арада бул аймакта израилдик жоокерлерге бычак шилтегендер көбөйгөн.Өч алуулардын күчөшү эки жакты тең абал курчуп кетиши мүмкүндүгү менен кооптондурууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG