Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Түркиядагы жарылуудан өлгөндөрдүн саны 90дон ашты


Акыркы маалыматтар боюнча, Анкарада бүгүн борбордук темир жол бекетине жакын жердеги кош жарылуудан кеминде 95 адам мерт болуп, 180дей киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Мехмет Мюэззиноглу билдирди.

Түрк бийликтери окуяны жанкечти жасаган теракт деп аташты.

Жарылуу болгон жерде бүгүн солчул партиялар Түркиянын түштүк-чыгышында күч түзүмдөрү менен күрт жикчилеринин ортосундагы куралдуу жаңжалды токтотууга чакырган тынчтык маршын өткөрмөк. Иш-чара токтотулду.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

Түрк аба күчтөрү 25-июлда Ирактын түштүгүндөгү Күрдистан жумушчу партиясынын базаларына чабуул койгон. Мындан кийин аталган партия Анкара менен эки жыл мурда жетишилген тынчтык бузулганын жарыялаган. Түрк бийлиги Күрдистан жумушчу партиясын сепаратизмге айыптап келет. (TSh

XS
SM
MD
LG