Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Ошто бир учурда төрт бала бакча курулууда


Бешик-Жондогу балдар бакчасы
Бешик-Жондогу балдар бакчасы

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. Анын бири - калаага караштуу Гүлбаар-Төлөйкөн айылындагы 90 орундуу балдар бакчасы. 17 млн. сомго бааланган билим уясы кош каржылоо принцибинин негизинде 50% жергиликтүү бюджеттен, 50% жеке ишкерлердин колдоосу менен курулууда. Бала бакча бүтөйүн деп калды.

Шаардын Беш жылдык (Пятилетка) участкасында курулуп жаткан эки кабаттуу бакча үчүн республикалык бюджеттен 24,5 млн. сом каралган. Бул имарат эмки жылы бүтөт.

Калаа четиндеги Озгур айылында 30-июнда курулушу башталган 120 орундуу балдар бакчасы 23 млн. сомго бааланган. Ушул тапта анын экинчи кабатынын дубалы тургузулуп, чатырын жабуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Ал эми “Достук” аймактык кеңешинде курулуп жаткан №13 балдар бачасы жыл аягына чейин ишке берилет. Анын наркы 17,9 млн. сом деп эсептелген.

Учурда Ош шаарында мамлекеттик 30, жеке 8 бала бакча бар. Анда 15 миңдей жеткинчек тарбияланып жатат. Шаарда 2-6 жашка чейинки 39 миң бала бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG