Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

Ош облусунда 159 мечит каттоодон өтө элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук казыятынан билдиришти. Ал мечиттер ишкерлердин демөөрчүлүгү же ашар жолу менен курулуп, өз алдынча иштеп келаткан. Ал имараттарда өрт коопсуздугу, сейсмикалык нормалар жана башка техникалык эрежелер сакталбай курулганы аныкталган.

Облустук казыят менен имамдар мечиттерди мамлекеттик дин комиссиясынан каттоодон өткөрүү үчүн документтерди даярдоодо.

Документтердин төлөмдөрүн, жол кирени кошуп эсептегенде, бир мечитти каттоодон өткөрүү үчүн анын көлөмүнө карап, 10 миңден 20 миң сомго чейин акча сарпталат. Ушул себептүү да аталган мечиттерди каттоо узарып келет.

Буга чейин облустагы мечиттердин 30 пайыздан ашыгында атайын диний билим албагандар имамдык кылып келаткандыгы сынга кабылган эле. Облустагы 722 мечиттен болгону 145 имам атайын аттестациядан өткөн.

Кыргызстан боюнча 2640 мечиттин 2014ү гана мамлекеттик каттоодон өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG