Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Түркияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды


Анкарада жардыруу болгон жерге коюлган гүлдөр.

Анкарада жардыруу болгон жерге коюлган гүлдөр.

Анкарада кеминде 95 кишинин өмүрүн кыйган кош жардырууга байланыштуу 11-октябрдан тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Өкмөт “террордук акт” деп атаган бул окуяда 245 адам жараат алганын, алардын 48и оор абалда экени кабарланууда.

Өкмөт башчы Ахмет Давутоглу үч күндүк аза күтүү жарыялап жатып, бул окуяны жанкечтилер жасаганын белгиледи.

Анкарада ишемби күнү болгон жардыруу профсоюздук уюмдардын терроризмге каршы митингинде, борбордук темир жолдун жанында орун алды.

Жардыруудан соң Стамбул шаарында миңдеген киши акция уюштуруп, өкмөттү терроризмге каршы алгылыктуу иш жүргүзбөй жатат деп күнөөлөштү.

Бул каргаша Түркия тарыхындагы эң кандуу окуялардын бири катары сыпатталууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG