Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Алмазбек Атамбаев Эрдоганга көңүл айтты


Эрдоган жана Атамбаев
Эрдоган жана Атамбаев

Анкарада жүзгө жакын адамдын өмүрүн алган кош жардырууга байланыштуу кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Түркия мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.

Бүгүн жөнөтүлгөн телеграммада Кыргызстан эл аралык коомчулукка коркунуч келтирип жаткан терроризмге каршы экенин, кыргызстандыктар түрк элинин кабыргасын кайыштырып турган каргашага тынчсызданып турганы белгиленген. Ошондой эле Атамбаев жардырууда өлгөндөрдүн жакындарына сабыр тиледи.

Анкарада 10-октябрь күнү кесиптик кошуун уюмдарынын терроризмге каршы митингинде борбордук темир жолдун жанында эки жардыруу болгон. Андан кеминде 95 киши өлүп, 245и жараат алган. Алардын 48инин абалы оор.

Түркияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Президент Эрдогандын атына Франция, Орусия жана башка мамлекеттердин башчыларынан көңүл айтуу каттары жөнөтүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG