Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:14

Ошто алгачкы инклюзивдүү балдар аянтчасы ачылды


Ош шаарындагы балдардын реабилитациялык борборунун алдында майып балдар үчүн инклюзивдүү аянтча курулду. Ойномо жабдуулар көзү азиз, кулагы укпаган жана дене мүчөсү жакшы иштебеген балдар үчүн ыңгайлашкан. Кумдуу отургучта болсо ДЦП менен ооруган балдар да ойносо болот.

Курулушка жалпысынан жарым миллион сом каражат сарпталган. Акча ашар ыкмасы менен чогулуп, Жогорку Кенештин депутаттары, Ош шаардык мэриясы, бейөкмөт уюмдар жана жеке ишкерлер салым кошкон. Аянтча «Келечек Хелспром» коомдук фондунун “Ар бир балага – үй-бүлө” долбоорунун алкагында уюшулду.

Оштогу балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборуна Кыргызстандын түштүк аймагынан жүздөгөн балдар келип дарыланат. 1955-жылдан бери иштеген борбордо буга чейин инклюзивдүү балдар аянтчасы жок болчу. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG