Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

АКШ Кундуздагы авиасокку үчүн компенсация төлөйт


АКШ бийлиги Ооганстандын Кундуз шаарында 22 адамдын өмүрүн алган авиасокку үчүн компенсация төлөп берүүгө даяр. Бул тууралуу Пентагон басма сөз катчысы Питер Кук билдиргенин жергиликтүү булактар кабарлады.

“Коргоо министрлиги бул трагедиялык окуянын кесепетин жоюу үчүн тийиштүү бардык чараларды көрөт. Төлөнө турган каражат мерт кеткендердин жакындары менен байланышып, макулдашылгандан соң аныкталат. Ошондой эле АКШ талкаланган госпиталды кайра курууну да мойнуна алат”, - дейт ал.

Америкалык аскерий учак бир жума мурун абадан жаңылыш сокку уруп, Кундуздагы оорукананын бир бөлүгүн талкалаган. Ал жерде эл аралык “Чек арасыз дарыгерлер” уюму бейтаптарга жардам берип жаткан эле. Сокку натыйжасында жергиликтүүлөр жана чет элдиктер кошулуп, 22 адам өлгөн. Анын 12си медицина кызматкерлери.

Бул үчүн Барак Обама “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун жетекчисинен жана ооган президентинен кечирим сураган. (SE)

XS
SM
MD
LG