Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Сирияда оппозиция менен өкмөт күчтөрүнүн тиреши курчуду


Сириянын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык активисттер оппозиция менен өкмөт күчтөрүнүн тиреши соңку күндөрү курчуп кеткенин айтып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Орусия аскерий учактарынын көмөгүндө өлкө армиясы бир катар соккуларды жүргүзө баштады.

САНА агенттиги кабарлагандай, президент Башар Асаддын колдоочулары Хама провинциясынын бир бөлүгү саналган Атшан конушун кечээтен баштап көзөмөлгө алды.

Апта башында Сирия өкмөтү Хама жана Идлиб калааларына жерден сокку урууну жанданткан.

Орусия расмийлери алардын соккусу оппозицияга эмес, террорчуларга каратылганын айтып келүүдө. Бирок алардын чабуулдарынын көбү экстремисттер жок жерлерде жүргүзүлүп жатканын Ассошэйтед пресс кабарлоодо. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG