Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:28

Беларуста президенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 51% катышты


Беларус Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо өттү деп жарыялады. Маалыматка караганда, бүгүнкү добуш берүүгө шайлоочулардын 51% катышты. Азырынча добуш берүү уланууда, жыйынтык маалым эмес.

Мамлекет башчы болуу үчүн төрт киши ат салышууда. Алар - Либерал-демократтар партиясынын башчысы Сергей Гайдукевич, “Чындыкты сүйлө” деп аталган жарандык кыймылдын башчысы Татьяна Короткевич, Патриоттор партиясынын лидери Николай Улахович жана азыркы президент Александр Лукашенко.

Өнөктүккө 900дөн ашуун эл аралык байкоочу көз салууда.

Мурдараак оппозиция өкүлдөрү бул ирет да Лукашенко тактыны эч кимге бербейт деп, шайлоону бойкот кылууга чакырган.

Александр Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG