Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Иранда "Эмад" ракетасы сыналды


Ирандын жаңы баллистикалык ракетасы сынак кезде.

Ирандын жаңы баллистикалык ракетасы сынак кезде.

Иран алыс аралыкка учуучу жаңы ата мекендик ракетаны сыноодон ийгиликтүү өткөргөнүн 11-октябрда жарыя кылды. “Бул Ирандын бутага тийгенче башкарылып-контролдонуучу тунгуч узакка учуучу ракетасы”, - деди коргоо министри Хусейн Дехчан.

Фарс жаңылыктар агенттиги “Эмад” деп аталган жаңы ракетанын сүрөтүн жарыялап, башка эч кандай маалымат бербеди. “Эмад”качан сыналганы белгисиз.

АКШдагы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун талдоочусу Энтони Кордмэн январда Иранда жасалган жаңы ракета 1700 км жетерин, бутага 500 метрге чейин жаза тийиши мүмкүн жана салмагы 750 кг экенин билдирген.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG