Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

V чакырылыштагы Жогорку Кеӊеш ишин расмий токтотот


15-октябрда V чакырылыштагы Жогорку Кеӊеш ишинин расмий жабылуу аземин өткөрөрүн парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Бул чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2010-жылы шайланып келген. Беш жыл ортосунда эки жолу спикер алмашып, үч жолу коалиция тарап, кайра куралды.

Беш жылда парламент 374 жыйын өткөрүп, 1140 мыйзам кабыл алган. Депутаттарга мамлекеттен бөлүнгөн каражат тууралуу “Азаттыктын” атайын иликтөөсүнө караганда, жыл сайын элден чогулган салыктын эсебинен парламентке 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. Ошого карабай төрага Асылбек Жээнбеков бул парламент эң үнөмчүл болгонун белгилеп келет.

Эксперттер V чакырылыштагы Жогорку Кеӊеш кылмыш иши козголгон депутаттардын саны жагынан, талаш-тартыштары, эл өкүлдөр арасындагы кайым айтышуулары менен элдин эсте калганын белгилеп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG