Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Түркияда Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт


12-октябрда Түркиянын Амасья шаарында, 13-октябрда Анкарада акын Алыкул Осмоновдун түрк тилинде жарык көргөн “Мен кыргыздын акыны” («Ben şairi Kırgız’ın») аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары болот.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Амасьядагы университетте өтчү иш-чарага Түркиянын маданият жана туризм министри Ялчын Топчу, Кыргызстандын элчиси Ибрагим Жунусов, Евразия Жазуучулар бирлигинин башчысы Я.Омероглу, адабиятчылар катышат. Китеп акындын100 жылдыгына арналып чыгарылган.

Осмоновдун ырларын түрк тилине акындар Кенан Чарбога жана Ибрагим Туркхан которгон. Ал эми китепти Түрк маданиятынын эл аралык уюмундагы (ТҮРКСОЙ) Кыргызстандын өкүлү Кожогелди Кулуев түзүп, басмага даярдаган.

Алыкул Осмонов 1915-жылы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. Ал 1950-жылы 35 жашында дүйнөдөн кайткан. Анын ырлары кыргыз адабиятында классикага айланып, окурман, адабиятчылар арасында жогору бааланат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG