Тик учак Кабулда НАТО миссиясынын базасына конор алдында кулаган. Анда мүрт кеткендердин экөө британиялык Аскер аба күчтөрүнүн кызматкерлери экенин Британиянын Коргоо министрлиги кабарлады. Окуянын себептери учурда иликтенүүдө.
“Тик учак кырсыкка учурады, бул окуя козголоңчулар аракетине тиешеси жок”, - деп билдирди аталган министрликтен. (КЕ)