Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:55

Өкмөт башчы түрмөдөгү окуяга байланыштуу коопсуздукту күчөтүүнү талап кылды


Премьер-министр Темир Сариев Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айлындагы №50 түзөтүү мекемесинен соттолуучулардын качып кетиши боюнча күч органдарынын жетекчилеринин катышуусунда чукул жыйын өткөрдү. Болуп өткөн окуя жана кылмышкерлерди кармоо боюнча тиешелүү жетекчилер маалымат берди.

Учурда абактан качып чыккан беш соттолуучу кармалып, төртөөнү кармоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Премьер-министр биргеликте чара көрүү, коомдук жайлардагы коопсуздук чараларын күчөтүүнү, окуяга себеп болгон жагдайларды жана тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин аныктоону тапшырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG